Рамзан Кадыровдун 8-9 жаштагы уулдарынын эрежесиз мушташка чыкканын Фёдор Емельяненко катуу сынга алды

5-октябрда Чеченстандын Грозный шаарында эрежесиз мушташ боюнча "Grand Prix Akhmat-2016" мелдеши орун алды. Анда 8 бурчтукка бир катар дасыккан спортчулар менен катар жаш балдар да мушташышты. Беттешти уюштуруучулар жаш балдардын мушташын көргөзмө мушташ деп аташкан, бирок алар кадимкидей эле мушташып жатышты. Бул күнү Кадыровдун 3 уулу тең 8 бурчтукка чыгып, 10 жаштагы Ахмад, 9 жаштагы Зелимхан жана 8 жаштагы Адам жеңүүчү аталышты.

Жаш балдардын мушташканын коомчулук жылуу кабыл алган жок. Биринчилерден болуп бул көрүнүштү Аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча кеңештин (ММА) президенти, атактуу мушкер Фёдор Емельяненко сындап чыкты. Анын айтымында, Орусиянын аймагында 12 жаштан жогорку курактагы балдар гана октагонго чыга алышат. Алардын кошумча коргоочу кийимдерди кийүүсүнө катуу көңүл бурулуусу кажет.

"Көрүүчүлөр анык беттештерди көрүштү. Орусиянын Спорт министрлигинин чечими менен 21 жаш курагына чейинки спортчулар рингге же октагонго чыкканда коргоочу шлем жана башкаларды кийип чыгышы керек. 12 жашка чыга элек спортчулардын эрежесиз мушташка катышуусуна уруксат жок. Керек болсо алардын көрүүчү катары залга кирүүсүнө жол берилбеши керек. 8-9 жаштагы балдардын бири-биринин ден соолугуна залал келтирип жатканына көз жумуп, "күйөрмандарга жагып жатат" деген ойдон алыс болуу керек. Алардын бири-бирин сабап жатканы телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлгөнү да түшүнүксүз", - дейт Ф.Емельяненко.

Жаш балдардын профессионалдуу мушташы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Seryi-Kardinal
2016-10-06 12:14:09
kadyrov ozu koop bawtady
+5
Ali.979797
2016-10-06 12:44:43
Бул эч нерсе эмес, бизде мындай балдар озу мурду канга боёлгончо мушташса да эч ким конул деле бурбайтко.
+11
Book
2016-10-06 14:15:24
Ali.979797,азырынчы сиз айткан боюунча иликтөө болуп жатат чамасы,кайсыл жерде,качан өартылганын издеп жатышат.
-1
lolo.1
2016-10-06 12:45:04
Федор ака туура айтыпсыз
+8
tumann.
2016-10-06 12:48:19
Эмеляненко туура айтат. Негизи эле мен мусульман мусульмандын канын агызуусун колдобойт элем. Кадыров аман эле болсун.
+16
tashi62
2016-10-06 12:49:20
ХХХ
+2
admin_portal
2016-10-06 13:24:31
tashi62, этика нормаларын сактаңыз!
-3
Abubakir05
2016-10-06 13:00:29
Бийликтегилер копту да эми биздикилер чыгат оздору баш болуп мушташып.
+2
Rifle_S
2016-10-06 14:14:43
Эчак эле чыгышпады беле мушташып.
-2
begim12
2016-10-06 13:00:52
Кадыровдо опконайн го бул да болсо баарына корунгону го типа я во-всем первый деп кааласа реп айттырып бир карасан таза мусулман боло калат.
+3
Abubakir05
2016-10-06 13:01:53
Админ купуя каттын Жообун кайдан окуймун
+2
Moskva.kg
2016-10-06 13:08:34
Эрежесиз эр уруштун аброюн тушуруп жатышат тфуу
+1
Darin
2016-10-06 13:09:59
Жоопко тартыш керек Кадыровту, сын эле 12жаштан жогоркулар учун болсо
+4
rukopashnik
2016-10-06 13:11:04
чын чынына келгенде туура эмес,алар жаш балдар да, ур десе урат сөк десе сөгөт,бирөөнү пистолет менен ат десе атат,мындай жолго баланы баштаган Рамзан өзү ХХХ ...
+4
admin_portal
2016-10-06 13:21:10
rukopashnik, этика нормаларын сактаңыз!
-1
keba300989
2016-10-06 15:45:53
Зор мушташ болгон окшойт.
0
Aygir
2016-10-06 19:10:12
Фёдор авам туура айтат, Рамзан тагам айнып калыптыр кысталак.
+1
didi07
2016-10-06 19:24:29
Жакшы тарбия бериш керек жаш балдарга мушташтыргандын ордуна. Чондор мушташсада болбойт арам болот
+2
Drongo
2016-10-07 15:57:36
Кадыровдун аялы жыл сайын эле торой бергенби?Же гареминдеги аялдарынан торолгон балдарыбы?Байкуш балдар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан