Бишкекте Азиз Мурадиллаевди колдогон кайрымдуулук концерти жана марафон өтөт

25-октябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында учурда ооруп жаткан актёр Азиз Мурадиллаевди колдогон кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт жана марафон өтөт. Учурда акцияга катышарын бир топ чыгармачыл инсандар билдиришкен. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёр Камчы Сарыбаев кабарлады.

"Азиз Мурадиллаевди колдогон кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт жана марафон өтөт. Спорт Ордосунда өткөрсө да болмок, бирок болбойт дегендей жооп узатышыптыр. Андыктан Азиз өзү иштеген Кыргыз драма театрында өткөрүүнү чечтик. Кыргыздын таланттуу жигити, актёр кесиптешибиз Азиз Мурадиллаевди колдоп кетиңиздер", - деп билдирди К.Сарыбаев.

Ошондой эле бүгүн, 6-октябрда операция жасатуу үчүн жардамга муктаж болгон актёрго банктан эсеп ачылды.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда социалдык тармактарда "Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарыл. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Биздин таланттуу кесиптешибиз Азизди сактап калууга көңүл кош эмес жарандардын баарын чакырабыз. 25-октябрь күнү Кыргыз драма театрында концерт жана марафон уюштурулат. Достор, артисттер, аткаруучулар, баарыңыздар үн катыңыздар. Баарыбыз жардам берели" деген билдирүү жазылып, бул постту кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары бөлүшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Shokoladka94
2016-10-06 18:44:54
Аллах жардам кылсын, сакайып эле кетсинчи уй-булобуз менен жакшы коргон актёрубуз
+10
MUSLIM-81
2016-10-06 18:46:31
Жараткан берген дартына шыпаасын кошо берген болсун.
+9
sibiryak
2016-10-06 18:48:52
Эх ооруга эч Ким кабылбасын.Дарт байсынбы же кедейсинби,атактуусунбу же карапыйымсынбы,айтор эч нерсеге карабайт.Атактуу болсон жок дегенде акча менен чечилер жагдайда аброюн жардам болот.А эгер бир жонокой пенде болсон,бир кудайдан гана жардам сурап кала бересин.Канчалаган омур дарттын айынан соолуп кете берет.Оорудан кудай сактасын.
+19
jazgul2017
2016-10-06 21:32:09
Айыгып кетсин эртерээк!
+5
NES1380
2016-10-06 21:57:03
Аллахым шыфаасын берсин, оомийин
+3
Aygir
2016-10-07 00:17:18
Алдагы 1миллион 700миңге номер алган май көтөндөр ушуга кайрымдуулук кылып мактанышса болот.АЛЛАХым шыпаасын берсин!
+6
Sajakat14
2016-10-07 01:14:10
Жаратканым сизге жар болсун!Жаратканыбыз сизге күч кубат, ден соолук берсин!Баары жакшы болот!
0
dobrajelatel
2016-10-07 01:38:36
Таланттуу инсан. Сыйлайм. Шыпаа берсин!
0
Zaika10
2016-10-07 07:50:05
Дарт берген Алла шыпаасын кошо берген болсун!
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 12:40:18
Салам кыргыз элим бул инсаныбызга кудайым шпаасын берсин кайрымдуулук кылган адамдарга чоон рахмат менин айтайын дегеним кайерде ким болбосун баарибир тааныш билиш абиир мансап жогорку даражадагы жумуш ээлерине болок и карапайым калк эч жерде жумушу жок колунда байлыгы жок таанышы жок эл арасында чондорго абиири жок адамр болуп экиге болунуп мамиле кылат экенбиз. мисалы боорун алмаштырганы канча деген колунда жок адамдар ар кай жака жугуруп жардам сурабасын баарынан бирдей жооп алат
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 12:42:33
Таанышы жок акчасы жок кембагал адамдын отунучун эч бир депутат жогорку кенеште жардам бергиле деп которуп чыкпады буга далил кечеги депутатыбыздын созу
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 12:44:29
мисалы интернет тармактарында буга окшоп операцяга муктаж канча адамдар журот жардам сурап бирине да жогорку кенштин депутатары жардам берди деген жанылыкты окубадык балким бардыр арасында бир экоо
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 12:50:23
Бирок кудага шугур кыргыз элим боорукер келет экенбиз колдон келишинче акча каражатынан жардам берип жатышат жардам бергендердин копчулук болугу МИГРАНТАР оздорунун кыйынчылыгына карабай 5 10 сом болсо да топтоп беришип жатат
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 12:52:28
Кечиресинер менин жазганым кимдир бироонун конулун оорутса кечирим сурайм бирок ар ким оз ойун айтууга толук укугу бар
0
ulan.zhoroev
2016-10-07 13:05:29
Жогорудагы аты аталган акёрубузга кудайым шпаасын берсин тезреек айыгып кетсин и ошондой эле эч ким оорубасын кыргыз элиме тынчтык амандык ден соолук каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан