Кара-Суу районундагы “Кара-Суу” базарында болгон мушташтын чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Анда базардын аймагын тазалап жаткан Эркин Алмакеев менен Салык кызматында иштеген Ариет аттуу адам мушташа кетишкен. Жыйынтыгында экөө тең денесинен жараат алып, милицияга арыз жазышкан.
“Эркин Алмакеевдин айтымында, окуя болгон түнү жанында аялы да болгон. Ал ары жакта иштеп жаткан учурда белгисиз адам зордуктоого аракет кылган. Аялынын кыйкырганынан барган күйөөсү тиги адам менен мушташа кеткен. Ал эми экинчи тарап окуянын башкача болгонун айтууда. Маалыматка караганда, ал кафеден чыгып, заара кылганы караңгы жерге барган. Ошол маалда Алмакеевдин аялы келип калып, экөө уруша кеткен. Кийин күйөөсү ортого кошулуп, күрөк менен башка чапкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, экөө тең ошол эле түнү милицияга арыз жазышкан. Ал эми жабырлануучулардын биринин аялы “зордуктоого аракет кылуу” фактысы боюнча бүгүн арыз жазды. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат”, - дейт Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.