"Бүгүнкү парламенттик угуу протоколдогу “галочка” үчүн өткөрүлдү" дейт Алмамбет Шыкмаматов

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул иш-чара "протоколдогу “галочка” үчүн өткөрүлдү" деген пикирин SUPER.KG порталына билдирди.

"Эми демилгечилер "биз элдин пикирин укканбыз" деп айтууга укуктуу болушат. Бүгүн жөн эле театр болду. Мамлекеттик деңгээлдеги документти кабыл алар алдында эл менен дискуссия өткөрүү керек да. Чечим кабыл алгандан кийин документке бир үтүр, бир чекит киргизсе болбойт. Бул жерде демилгечилер уят болушту", - деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан