Бүгүн, 10-октябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде "Style Mix" триосунун ырчылары Илима Дуйшеналиева менен Адилет Эркинбек уулунун үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге түгөйлөрдүн досу, ырчы Адилет Азимов кабарлады.
"Үлпөт той шаңдуу өтүп жатат. Баарынын маанайы жакшы. Жаштар азыр сейилдеп жүрүшөт. Кечке маал жакын туугандары менен бирге той уланат", - дейт.
Ал эми аталган трионун менеджери Миргүл Эсеналиева тойго даярдык кызуу көрүлгөнүн, буюрса, келген коноктор ыраазы болуп кетишерин кошумчалады. Тойго чыгармачыл түгөйлөрдүн жакындары, достору, сахналаш кесиптештери, тайпалаштары чакырылган.
Белгилей кетсек, 21-сентябрда Илима Дуйшеналиеванын кыз узатуу тою борбордогу тойканалардын биринде өткөн.