"21-августтан бери дайынсыз" делген 15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы Алматыда изделүүдө

Алматыда "2016-жылдын 21-августунан бери дайынсыз" делген Кыргыз өлкөсүнүн жараны 15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы изделүүдө. Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиктери бүгүн, 12-октябрда жазып чыгышты.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учурда Айпери Алматыга чогуу келген мекендеши менен жашап жаткан болушу мүмкүн”, - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле полиция кызматкерлери А.Сүймөнкул кызынын кайда жүргөнү тууралуу маалыматы болгондорду төмөнкү телефондорго байланышууга чакырат: 254-46-08, +7 771 407 48 52, +7 747 951 06 02 же 102.

Бул окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү айтып беришти: “22-августта Чүй ОИИББине 2001-жылы туулган Айпери Сүймөнкул кызынын ата-энеси арыз менен кайрылган. Анда 21-августта апасы кызын нан алып келгенге дүкөнгө жиберип, ал ошол бойдон кайтып келбегени жазылган. А.Сүймөнкул кызынын ата-энеси билдиргендей, 25-августта кыздын атасына казакстандык номерден “Баары жакшы. Иштеп, акча тапкандан кийин кайтып келем” деген билдирүү келген. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Алматынын Ички иштер департаментине бул иш боюнча кайрылып, учурда Алматыда издөө иштери жүрүп жатат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gul14kA
2016-10-12 20:58:17
Жаратканым колдоп, табылып калсан экен. Тырмактай, жапжаш кыздарыбызды чет жерге жибербей эле коюшса. Албетте мунун баары олкобуздогу жумуш жоктугунун айынан келип чыгууда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан