“Манас” аэропортунда 4 ителгини чет өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандар жашыруун тигилген чөнтөктөрүнө 4 ителгини катып өткөрүп, аларды Дубайга мыйзамсыз алып кетүүнү көздөшкөн. Жарандар өздөрүн шектүү алып жүрүп чек арачылардын көңүлүн бурдурушкан. Текшерүү иштеринин алкагында аталган жарандардын документтери жайында экени аныкталган. Кийин алар Бишкек-Дубай каттамы менен уча турган учакка отурганда шымдарынын чөнтөктөрүнөн шашып бир нерселерди сумкаларына салыштырып дагы өздөрүнө көңүл бурдурушуп, кайрадан текшерүүгө алынышкан. Экинчи ирет текшерүүгө алынганда чет элдик жарандардын чөнтөгүнөн баштарына томого кийгизилип, буту таңылган 4 ителги табылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң алар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.