Бразилиянын түндүгүндөгү абакта 2 топтун ортосунда массалык мушташ орун алып, 25 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 16-октябрь күнү Рорайма штатындагы Боа-Виста шаарында болгон. Түрмөдөгүлөрдүн тобу камактагы башка бөлүккө өтүп кетишип, ошол жерден мушташ башталган. Анда 7 адамдын башы кесилип, 6 адам тирүүлөй өрттөлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, урушка катышкандар бычак жана жыгач таяктар менен куралданышкан. 740 адамга эсептелген абакта окуя учурунда 1400 адам болгон.
Бразилия түрмөгө камалгандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бул өлкөдөгү абакта отургандардын жалпы саны 600 миңди түзөт.