Ош шаарында үйлөргө жылуулук берүү 24-октябрда башталат

Ош шаары жылуулук берүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу 20-октябрда Ош шаардык мэриясынын жыйынында вице-мэр Асылбек Топчубаев билдирди. “Жылуулук камсыздоо” ишканасы 19-октябрдан баштап 54 билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жылуулук берип жатканы, ал эми Ош шаардык жылуулук электр борбору 24-октябрдан тарта башка мекемелерге жана бардык үйлөргө жылуулук берүүнү баштай турганы айтылды.

Маалыматка таянсак, Жылуулук электр борборундагы буу казандары толугу менен жылуулук берүүгө даяр. Учурда ЖЭБде 11 512 тонна мазут даярдалып, "Газпром" ишканасынан 25,4 миллион метр куб жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2016-10-21 21:32:12
тэцти да газпромго саткыла ошондо уйлор жылышы мумкун болбосо жылымак беле силердики
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан