Бакиевдик мүлктөрдүн сатылышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште кезектеги депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы", “Кыргыз көмүр” ишканасы жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин териштирет.

Депутатты комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Мухтарбек Айнакулов, Мурадыл Мадеминов, “Республика-Ата Журт” фракциясынан Кенжебек Бокоев, Аида Исмаилова, Айбек Алтынбеков, "Кыргызстан" фракциясынан Жыргалбек Калмаматов, Кубанычбек Нурматов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Алмаз Жутанов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди. “Бир бол” фракциясы кеңешүүдөн кийин комиссияга өкүлүн сунуштай турганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевге мурун Максим Бакиевге тийиштүү болгон жерге үй салып жатканы боюнча күнөө коюлууда. Башкы прокуратура бул жерди алып-сатуу иштери мыйзамдуу болгон деп чечим чыгарды. Ал эми бийликтин өкүлдөрү "Ата Мекендин" 3 депутатын "Мегаком" компаниясында үлүшү бар деп айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан