Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү

Өкмөттө 21-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү. Штабдын төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, анын орун басарлыгына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев дайындалды.

Маалыматка таянсак, 2016-жылдын 11-декабрында 397 айылдык жана 22 шаардык кеңеште шайлоо болот. Сарпашевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо иштери жүрүп жатат. Алдыдагы шайлоодо ID-карта жана андагы көрсөтүлгөн дарек боюнча гана шайлоого болору маалымдалды.

Жыйын соңунда мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан