"Сузакта асынып алган окуучуну уурулук фактысы боюнча кыйнап, мойнуна алдырткан" деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда асынып алган 9-класстын окуучусу уурулукка шектелип кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Окуяга чейин уурулук фактысы катталып, ага шектүү катары каза болгон мектеп окуучусу кармалган. Андан далил катары уурдалган буюмдар алынган. Кийин баланын атасы уурдалган акчаны кайтарып берген. Ал эми милиция кызматкерлери "мектеп окуучусун кыйнап, мойнуна алдырткан" деген массалык маалымат каражаттарындагы маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - дешти Жалал-Абад ОИИБинен.
Айта кетсек, окуя 23-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылында болгон. Анда 2002-жылы туулган бала өз үйүнүн короосунда жипке асынып алган.