Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуусуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет. Өлкөнүн премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министрлери, өкмөт мүчөлөрү, административдик ведомстволордун жетекчилери азыркы ээлеген кызматында "милдетин аткаруучу" катары жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин ишин улантышат.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.