Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Сузак районунун Сымкат айылында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков асынып алган. Маркумдун атасы баласынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин айтууда. Акыркы жолу тартылып алынган видеодо ал: “Мен 10 миң сом уурдаган эмесмин. Бакыт акенин баласы мас абалда катуу сабады. Көзүм караңгылап кеткенинен, өлтүрүп коёбу деп мойнума алгам. Ошол учурда жанымда 3900 сом бар болчу. Анын 2 миң сомун жер казып алгам, калганын чогултуп жүргөм”, - деген.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.