Президент көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду кабыл алды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда өлкө башчы парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берди.

Мыйзамга ылайык, коалицияны түзүүгө мандат алган фракция 15 иш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп, премьер-министр кызматына талапкерди сунушташы керек. Эгер фракция бул убакыттын ичинде жүктөлгөн милдетти аткара албаса, анда мандат башка фракцияга берилет.

Эскерте кетсек, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда саясий пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин түшүндүргөн. Коалициялык көпчүлүк КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан турган. Ал эми парламенттик оппозицияда "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" болгон. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан