"Ата Мекен" Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышпайт

"Ата Мекен" партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышпайт. Маалыматты 31-октябрда SUPER.KG порталына депутат Алмамбет Шыкмаматов тастыктады. Анын айтымында, партия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан "майнап чыкпайт" деп эсептейт. Ал эми башка аймактар боюнча шайлоого катышат.

Белгилей кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке ат салышчу партиялардын талапкерлеринин тизмесин кабыл алууну 31-октябрь, түнкү саат 12ге чейин улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан