Конституция боюнча мыйзам долбоорун парламентте талкуусуз кабыл алуу аракети ишке ашпай калды

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо талаш жаратты. Суроо-жооптор бүтүп, талкууга кезек келгенде төрага Чыныбай Турсунбеков талкуу болбой турганын, анткени талкууга чек коюлуп калганын айтып чыкты. "Мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатканда эч кандай талкуу болчу эмес, тажрыйбаны жокко чыгара албайбыз", - деп долбоорду талкуулоого каршылык билдирди. Нааразы депутаттар чек суроо-жоопко коюлганын, талкууга жазылуу болбогонун мисал кылышты.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова спикерди жалган сүйлөбөөгө чакырды. "Үчүнчү окууда эч кандай талкуу болбойт деп жалган сүйлөбөңүз. Башкасын айтпайын, акыркы жолу мен демилгелеген нике боюнча мыйзам долбоору каралганда талкуу ачык болбоду беле?" - деди депутат. Спикер жооп кайтара алган жок. Талкуу ачык болушу керектигин, эл баарын көрүп-билиши керектигин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, спикер акырында талкуу кылууга макулдук берди. Добуш берүүдө 79 депутат талкуу кылууну колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан