Өмүрбек Бабанов Иса Өмүркуловго: "Биз коалицияга кирбейбиз. Каалаганыңыз менен түзүңүз"

"Биз коалицияга кирбейбиз, каалаганыңыз менен түзүңүз", - деп бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго кайрылды.

Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыкканы белгилүү болгон. Коалиция КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан, ал эми парламенттик оппозиция "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

Коалицияны түзүүгө мандатты президенттен алган КСДПнын лидери Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен баштаган. Ал эми РАЖдын лидери Өмүрбек Бабанов менен эки күндөн кийин гана жолугушкан. Бүгүн "Республика-Ата Журттун" лидери Ө.Бабанов фракциясынын коалицияга кирүүсүнө эки-үч маселе тоскоол болуп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан