Ушул жылдын август айында алгачкы жолу "Карек" аттуу республикалык балдар кинофестивалы жарыяланган. Максаты - бул чөйрөдөгү болочок кесипкөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү. Учурда тасмаларды кабыл алуу аяктап, сынакка жалпы 87 эмгек келип түшкөн. Тандоо комиссиясы Кинематографисттер союзу менен биргеликте келип түшкөн эмгектердин арасынан сынактык программага 23 тасманы алган: 4 анимациялык, 6 даректүү жана 13 сюжеттүү тасма. Бүгүн, 2-ноябрда сынакка келген тасмалардын ичинен "Битик", "Дос", "Тамчы", "Коңшулар", "Инсомния", "Өкүт" тасмалары медиа өкүлдөрүнө көрсөтүлдү.
Фестивалдын алгачкы темасы "Бул менин дүйнөм" деп аталгандыктан, катышуучулар өз тасмаларында жан дүйнөсүн кыйнаган көрүнүштөрдү, саясий окуяларды, коомдогу теңсиздик, жасалмалуулук, байлыкка умтулуп, чыныгы каалоосун, кыялдарын унуткан адамдарды, турмуш-тиричиликке баш-оту менен киришип, жан дүйнөсүн унуткандарды жана түрдүү көйгөйлөргө чыдабай өзүн өзү өлтүрүүгө алып барган окуяларды таасирдүү көрсөтө алышкан.
Аталган фестивалдын жетекчиси Толкун Дайырбекова SUPER.KG`ге сынакка келип түшкөн тасмалар тууралуу буларды билдирди:
"Алгач уюштуруу иштери башталганда окуучулар олуттуу, берилүү менен тасма тартышат деп ойлогон эмеспиз. Катышуучулардын эң кичинекейи 7де, уулусу 17де экен. Смартфондун камерасы менен тартууга уруксат берилген болчу. Келген тасмаларды көрүп жатып абдан таасирлендик, терең ойго түшүп жаттык. Алардын эмгектеринде эч бир жасалмалуулук жок, жан дүйнөсүндө эмне болсо, эмне кыйнаса ошону чагылдырышкан. Кээ бир белгилүү режиссёрлор "жаш балдардан көп нерсени үйрөндүм" деп айтып жатышты. Кыргыз киносунун тарыхында буга чейин 4-5 эле анимациялык тасма болгон экен. Ал эми сынакка 4 анимациялык тасма келди. Бул да болсо жетишкендик, эл арасында чыныгы таланттар бар экени кубандырат жана алар кыргыз киносун келечекте мындан да алдыга чыгарып, ийгиликке жетишет деп ойлойбуз.
Бул фестивалды жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз. Бири-бирин көргөн балдар тажрыйба топтоп, кийинкиде мындан да жакшылап тартат деп ишенбиз. Ошондой эле бул фестивалды эл аралык деңгээлге чыгаруу ниетибиз бар.
Тасмада бири-бирине атаандашууну, мен мыкты болушум керек деп ата-энесин кыйнагандарды, чет өлкөгө кетип, ал жакта азап жегендерди, дагы бир тасмада чет өлкөдөн каза болгон адамды көрсөтүшүптүр. Ошондой эле саясий окуяларды да чагылдырган, алсак, бир анимациялык тасмада "митингдерди токтотолу, андан көрө жер иштетсек, адамдын мээнети кайтат" деген идея камтылган. Ошондой эле көйгөйлөрүн чече албай суицидге барган жаштардын окуялары да камтылган".
Белгилей кетсек, сынакта 9 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты даректүү тасма, мыкты режиссёр, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажёр, мыкты жеткинчек актёр, мыкты жеткинчек актриса.
Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана белектер менен сыйланышат. Мыкты тасмалар Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат жана кийинки тасмасын тартуу үчүн техникалык жабдыктар менен камсыздалат. Сыйлык тапшыруу аземи 2016-жылдын 15-ноябрында өтөт.