31-октябрда президент Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде Конституцияны өзү өзгөртүп жатканын мойнуна алды. Видеону бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзамдарды кабыл алуу укугу Жогорку Кеңеште бар. Ал эми президентте мындай ыйгарым укуктар жок.