Ички иштер министри кызматына талапкер Улан Исраилов депутаттардын суроолоруна жооп бере албай жатат. Анын ордуна премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков жооп берүүдө.
Парламенттин 9-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев талапкер Исраиловго "Өкмөттүн канча мүчөсү бар? Канча министрлик бар? Административдик мекеменин канча түрү бар? Атамбаев укук коргоо органдары кризисте калды деди, кайсы кризисти чечесиз?" деген суроолорду берди. Исраилов суроолордун бирине да жооп бере алган жок.
Андан соң Текебаев Жээнбековго кайрылып: "Исраиловду колунан жетелеп иштетесизби? Ал Текебаевди камоо үчүн ИИМге келип жатат", - деп нааразычылыгын билдирди.