Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтон шайлоодо жеңилип калгандыгына өкүнүчүн билдирип, өлкө кызыкчылыгы үчүн жаңы лидер, республикачы Дональд Трамп менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Клинтон анын милдети мыкты, күчтүү жана адилеттүү Американы курууга көмөктөшүү экенин белгиледи. Ал Нью-Йоркто сүйлөп жатып өлкөдөгү бөлүнүп-жарылуу ал болжолдогондон да терең болуп чыкканын айтып, шайлоо өнөктүгү маалында колдоо көрсөткөндүгү үчүн тарапташтарына ыраазычылык билдирди. "Мен Америкага ишенем, мындан кийин да дайыма ишенем", - деди Клинтон.
Айта кетсек, 8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Анда Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп жеңген. Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды.