Кочкор районунун Ак-Жар айылында 4-класстын окуучусуна карышкыр кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун бүгүн, 10-ноябрда билдирди.
"Окуя мындан эки күн мурун болгон. Анда аталган айылдагы сарайлардын биринде 4-класстын окуучусуна карышкыр кол салган. Анын кесепетинен окуучу ичинен, бетинен жаракат алган. Учурда ал ооруканада. Карышкыр балага кол салып жатканда атасы көрүп калып кыйкырганда, качып кеткен. Карышкыр чабандар тарабынан атылып өлтүрүлгөн", - дейт жергиликтүү тургун.