Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн жаңы курамы бүгүн, 17-ноябрда парламентте ант берди. Бул аземге президент Алмазбек Атамбаев катышты. Спикер Чыныбай Турсунбеков ант берүүдөн кийин президентке ыраазычылык билдирип, жаңы өкмөткө ийгилик каалады. Бир катар өкмөт мүчөлөрү анттын текстинен жаңылып, текстти бурмалап айтышты. Мындан улам айрым депутаттар анын текстин кайра карап чыгуу керектигин, аны окууда ант берүүчүдөн күчтүү энергия, дух байкалбай жатканын айтышты. Анттын текстин жөнөкөйлөтүү жана таасирдүү сөздөрдү кошуу сунушталды.