Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров "Республика-Ата Журт" партиясынын экиге бөлүнүшү парламенттеги фракциянын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир этпестигин SUPER.KG порталына билдирди.
"Саясатта кээ бир партиялар биригет, кээ бир партиялар бөлүнөт, кээде чогуу тоого чыгышат. Саясаттын табияты ушундай. "Республика" менен "Ата Журт" партияларынын бөлүнгөнүнө, балким, келерки президенттик шайлоонун тиешеси бар чыгар. Бул эки партиянын ичинде дагы сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн", - деди Сабиров.
Айта кетсек, 2014-жылы бириккен "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бөлүнүп, Бабанов-Ташиев тандеми бузулганы белгилүү болгон. Партиянын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жолугуп сүйлөшүп, экиге бөлүнүү чечимин кабыл алышканын, бул чечимге 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун бир катар келишим шарттарын аткарбагандыгы себеп болгону айтылган.