Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын жашыруун добуш берүү аркылуу шайлоо өттү. Жыйынтыгында төмөнкү талапкерлер жеңишке жетиштүү добуш топтошту:
1) Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына Таабалды Тиллаев ("Республика-Ата Журт") 73 добуш топтоп шайланды, анын атаандашы Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") 40 добушка ээ болду.
2) Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") 68 добуш топтоп шайланды, анын атаандашы Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс") 51 добуш алды.
3) Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымдыгына Гүлкан Молдобекова (КСДП) 98 "макул", 22 "каршы" добуш топтоду.
4) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Айтмамат Назаров ("Кыргызстан") 98 "макул", 22 "каршы" добуш топтоду.
5) Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына Аскарбек Шадиев ("Бир бол") 96 "макул", 24 "каршы" добуш топтоду.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жалпысынан 9 комитети бар. Калган 4 комитеттин төрагалары өз ордуларында калышты. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев (КСДП); Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы Марат Аманкулов (КСДП); Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова (КСДП); Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев ("Кыргызстан").