Москвада Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын көңүлдөшүн бычактап жаткан учуру видеого түшүп калган. Аны орусиялык телеканалдар көрсөтүштү. Видеодо кызга бир канча жолу бычак сайылганын даана көрүүгө болот.
Айта кетсек, окуя 27-ноябрь күнү Москва шаарынын Липецкий көчөсүндө болгон. Анда 35 жаштагы Улан аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 27 жаштагы Нурзат аттуу мекендешин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан. 35 жаштагы Улан изи сууй электе кармалган.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, Нурзат менен көңүлдөш катары бирге жашап жүргөн. Кийин ал "бул мамилени Кыргыз Республикасындагы аялыңа айтам" деген сөзүнө жини келип бычактаган.