Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушун иликтеген депутаттык комиссия маалымат берди

Парламентте 1-декабрда Камбар-Ата 1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын долбооруна кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулду.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын объекттерин курган орусиялык "Русгидро" компаниясы курулушка 2 миллиард 104 миллион сом же 37 миллион доллар жумшалганын билдирген. "Текшерүүдө көп объекттердин курулуш баасы жогорулатылганы аныкталды. Болжол менен баа эки эседен ашуун жогорулатылган", - дейт Шыкмаматов.

Бул маселени Кыргыз мамлекетинин Эсептөө палатасы көзөмөлдөп, эл аралык стандартта аудит жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Депутаттар күнөөлүү кызмат адамдары сөзсүз жоопко тартылышы керектигин билдиришти. Жыйынтыгында депутаттык комиссиянын иши дагы 2 айга узартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан