"Манас" аэропортунда алтын зер буюмдарын ич кийимине катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү саат 07:30да Стамбул-Бишкек багыты аркылуу учуп келген №348-каттам текшерүүгө алынган. Анда Кыргыз Республикасынын жараны, С.К. аттуу аялдын ич кийиминен жалпы салмагы 1 килограмм 850 граммды түзгөн алтын зер буюмдары табылган. Мындан улам ал "алтын зер буюмдарын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган" деп айыпталып, ага кылмыш иши козголду.