"Адам өлтүрдү" деп камалып, баламдын үйлөнүү тоюна барбай калдым", - деген Асел Момошова
(аты-жөнү өзгөртүлдү) өз тагдыры жөнүндө ой бөлүшүп, SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"2010-жылы "адам өлтүрдү" деген айып тагылып, 18 жылга камалып калдым. Алгач "абак" деген сөздү укканда катуу коркуп, стресске кабылып, кыйналып жүрдүм. Күнү-түнү ыйлап кармана албай жаттым. Кийинчерээк айла жок тагдырга баш ийгенге туура келди. Башында төрт дубалдын ичинде убакыт өтпөй далай таңды уктабай аттырган күндөр болду. Ошентип жүрүп жарым жылга жакын убакыт өттү. Акыры өзүмдү карманып, ден соолугума зыян кылып албайын деп сабыр кыла баштадым. Бир бөлмөдө жаткан Рано аттуу кыз менен сүйлөшүп, жакын болуп калдык. Ичтеги арманыбызды бөлүшөбүз. Быйыл абактагы алтынчы жылым артта калды".
Асел Момошова Жалал-Абад шаарынын тургуну. Ал учурда 43 жашта, 3 уул, 1 кызы бар. Буга чейин кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеп жүргөн.
"Маңдайга жазган тагдырым ушул экен, баштан кечирүүгө туура келип жатат. Жолдошум башка аял алды деп угуп жатам. Улуу балам жакында үйлөндү. Баламдын үйлөнүү тоюна катыша албадым. Ал эми апамды 3 жылдан бери көрө элекмин. Буга чейин келип турчу. Ал мен жөнүндө ойлонуп жүрүп катуу ооруга чалдыгып, төшөккө жатып калды. Балдарым келип көрүп турушат", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз.
6 жыл аралыгында абактагы тигүү цехинде иштеген Асел бул ишти өздөштүрүп кеткенин айтты. Кийин ал кореялык тиш дарыгерине котормочу болуп иштеп жүргөн. Учурда 5 убак намаз окуп, алдыда жакшылыктан үмүт кылып келет.
"Агенттикте иштеп жүргөндө бейтааныш кардар кызга үйдү көрсөтүп берүүгө баргам. Ошондон кийин Ош шаарында Июнь окуясы башталып кетти. Бейтааныш кардар кандайдыр бир себептерден улам каза таап, кийин сөөгү Өзбекстандан табылыптыр. Ошол ишке мен айыпталып темир тор артында калдым. Бул акыйкатсыз чечим болгон", - дейт Асел Момошова.
Мурда абак дегенди башкача элестеткенин, мында да жакшы адамдар бар экенин, айрым кыздарга окшоп тамеки чегип, ичкилик ичип кетпегенин айтып, эркиндикте кандай жүрсө, темир тор артында да өзүн туура алып жүргөнүн кошумчалады ал. "Абакта тартип башкача. Туура жүрсөң мунапыска туш келип, эрте бошонууга болот", - дейт каарманыбыз.