2017-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылат. Улуттук банк дал ушундай маалымат тараткан.
Учурда социалдык тармактарда активисттер 200 сомго элеси түшүрүлгөн акын Алыкул Осмоновдун көзү кылый болуп калганын талкуулап жатышат. Алар айтылуу акынды урматтоого, мындай сүрөттөр менен акча чыгарбоого чакырышты. Буга катар социалдык тармакта #НарисуйтеНормальныеДеньги деген хештег менен флешмоб уюштурулду.