Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казган шахтада 2 адам урандынын алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Северное айылында жайгашкан шахтада орун алган. Учурда министрликтин Куткаруу кызматы издөө иштерин жүргүзүүдө. Окуя бүгүн, 16-декабрда түшкү саат 12:05 чамасында болгон.