Бишкектеги "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаардык мэриясы "базарда өлгөн малдын эти сатылып жатат" делген маалымат боюнча атайын рейд жүргүздү. Рейдге Ленин райондук мамлекеттик администрациясы,
Санитардык-эпидемиология кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы жана укук коргоо кызматынын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында өлгөн малдын эти сатылбагандыгы аныкталды. Ишкерлердин мал союп сатууга жана жүктөп келүүгө атайын уруксат кагаздары бар экендиги такталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, сатылып жаткан эттер санитардык талаптарга жооп берерин текшерүүгө алган комиссия тактаган.
Эске салсак, 19-декабрда активисттер "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатканын айтып чыгышкан.