Кара-Суу районунда газ баллон жарылып, 6 адам облустук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-декабрга караган түнү Кара-Суу районунда болгон. Анда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облустук ооруканасынын күйүк бөлүмүнө 6 адам түшкөн.
1) А.Н. 1985-жылы туулган (күйөөсү), 20 пайыз денесинен күйүк алды.
2) Б.Д. 1988-жылы туулган (аялы), 50-52 пайыз денесинен күйүк алды.
3) Н. к. З. 2006-жылы туулган (кызы), 7-8 пайыз денесинен күйүк алды.
4) Н. к. Ф. 2006-жылы туулган (кызы), 4-6 пайыз денесинен күйүк алды.
5) Н. к. А. 2009-жылы туулган (кызы), 2-3 пайыз колу, кулагы күйүк алды.
6) Б.А. 1954-жылы туулган (тууганы), 6-8 пайыз денесинен күйүк алды.
Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.