Кыргыз мамлекети тышкы карызды дагы 500 миллион долларга коркунучсуз жогорулата алат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы тышкы карыздын көлөмүн баалоо боюнча 3 жаңы мүнөздөгүч киргизилген. "Бул мүнөздөгүчтөргө ылайык, бүгүнкү күндө тышкы карыздын тийиштүү чектен ашканы байкалбай жатат. Өлкө дагы 500 миллион доллар карыз ала алат", - деди Касымалиев.
Айта кетсек, 2014-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпаш керек. 2016-жылдын март айына карата Кыргыз Республикасынын тышкы карызы ИДПнын 60,3 пайызын түзгөн.