Ош-Сары-Таш унаа жолуна кар көчкү түшүп, 17 унаа токтоп турат

Ош-Сары-Таш унаа жолуна кар көчкү түшүп, 17 унаа токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкү бүгүн саат 09:20 чамасында аталган унаа жолдун 177-чакырымында (Катын-Арт чегинде) түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 2100 метр кубду түзүүдө. Натыйжада Сары-таш айылынан Ошту карай 8 унаа, Ош шаарынан Сары-Ташты карай 9 унаа өтө албай токтоп турат. Учурда жолду тазалоо иштерине №960-Жол тейлөө ишканасынан 1 даана кар ыргытуучу Унимок техникасы пайдаланылып жатат, кошумча 1 даана жүктөгүч жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gutler
2016-12-23 23:38:32
Жолоочуну кудай сактасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан