Ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун финалына өттү.
Финалга чыгуу үчүн ырчылар Кайрат Примбердиев, Дарья Антонюк, Сардор Милано, Дария Ставрович, Ксения Коробкова, Михаил Житов, Олег Кондраков жана Александр Панайотов күч сынашкан. Сынакта финалга өтүү үчүн күйөрмандардын добушу маанилүү эле. Ырчы буга чейин Орусиядагы мекендештерден добуш берүү аркылуу колдоп коюуну өтүнгөн.
Бул сүйүнүчтүү кабар интернеттеги социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. Дагы бир кубанычтуу кабар - аз убакыт мурун кыргызстандык "Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону болду.