Орусиянын Сочи шаарынан Сирияны көздөй бет алган Ту-154 учагы радардан чыгып кеткен. Көп өтпөй учак Кара деңизге кулаган. Аман калгандар болгон жок. Куткаруу үчүн чыккан топ 1 адамдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учактын бортунда 92 адам болгон. Учак абага көтөрүлгөн соң 7 мүнөттөн кийин радардан чыгып, жок болуп кеткен.
Анда аскер кызматкерлери жана Сириядагы орус аскерлерин Жаңы жылга карата куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери болгон. Ошондой эле "Биринчи канал", "Звезда" жана НТВ телеканалдарынан 9 журналист болгон.