КҮНСЕРЕП: Өзбек лидери Атамбаев үчүн "эрежени" бузду

Бүгүн, 26-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Эс алуу күндөрү кыргыз эли кош келген кабарлардын эсебинен кубанычка марып, бири-бирине сыймыктануусун сүйүнчүлөп, мекендештери жараткан ийгиликтерди Жаңы жылга карата белектей эле кабыл алды. Биринчиси – бул кыргыз жигиттери башында турган “Азия MIX” командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион болду. Белгилей кетүүчү жагдай, бул кыргызстандык команданын эле эмес, борбор азиялык масштабда катышып жаткан команданын КВНдин тарыхындагы алгачкы жеңиши. Мисалга алсак, коңшу Казакстандын атынан чыккан “Астана.kz/Каzахи” КВНде эң көп сезонго катышкан командалардын бири, бирок чемпиондукту алууга тиши өткөн эмес. Баш-аягы КВНдин Жогорку Лигасындагы оюндарга 10дон ашуун мамлекеттин командалары катышкан. 1986-жылдан бери дээрлик бардык таймаштарда орусиялык командалар чемпион аталышып, 5 ирет Украинанын, 3 жолу Армениянын, 2 ирет Беларустун, 1 жолудан Азербайжан менен Абхазиянын атынан чыккан командалар бийиктикти багынтышкан. Эми минтип КВНдин тарыхындагы чемпиондордун секисине кыргызстандык “Азия MIX” чыгып отурат. КВН десе, билбеген адам жеңил-желпи каткырык-күлкүнү элестетет, билген адам күнүмдүк турмуштан баштап саясат, геосаясат, экономикага чейин камтылган тамаша аралаш курч сындар экенин жакшы түшүнөт. Мигранттардын жашоосунан алынган окуялар менен баштаган “Азия MIX” орусиялыктардын юмордук табитин, тилин таап, соңку 25 жылда кыргызды короо шыпырган, соода кылган, үй курган, кафе-ресторанда кызмат көрсөткөн адам катары көрүүгө көнүп бүткөн орус калкына кыргызды өнөргө бай эл катары тааныта алды. Бул тууралуу команданын капитаны Эльдияр Кененсаров “Супер-Инфого” берген маегинде: “Башкы максат Кыргыз Республикасынын атынан чыгып, Кыргыз жеринде интеллигенттүү, өнүккөн, таланттуу жаштар бар экенин, ар түрдүү улуттар бири-бири менен ынтымакта жашаарын даңазалоо эле”, - деп айткан. Мындан тышкары аталган команданын бийликтен колдоо күтпөй, көздөгөн максатына жетүү үчүн өз алдынча талыкпай күрөшкөнү мактоого татыктуу. “Казакстандык досторубуздан «келгиле, биз силерди колдойлу, силер болсо Казакстандын атынан чыккыла» деген сунуштар түшкөн. Ар бир оюн сайын акча издеген аябай кыйын. Унааларыбыз жарым жылдап күрөөканада жатчу”, - деген эле Эльдияр Кененсаров ошол эле маекте. Жагымдуу жаңылыктын экинчиси – Кайрат Примбердиев “Голос” долбоорунун финалына өттү. Алдыда бир эле баскыч калды, балким, ийгилик кушу жылмайып, ырчы мырза да жеңүүчү аталып калар. Орусиянын “Биринчи каналынын” эки чоң долбоорундагы мекендештердин жеңиштери, башкаларга шык берүүсү колдоого арзырлык...

Кыргыз-өзбек алакасында жылыштар байкалууда. Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрь күнү иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барып, маркум өзбек башчысы Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан ары ал аэропортко чейин келип, кыргыз ажосун узатып койду. Адатта протоколдон тышкары жасалган кадамдар эки лидердин гана эмес, эки мамлекеттин мамилесинин өнүгүүсүнө, алардын ортосундагы маселелердин ылдам жана ызы-чуусуз чечилишине оң таасирин тийгизет. Ислам Каримовдун бийлигинин акыркы жылдарында Өзбекстан менен болгон Кыргыз мамлекетинин алакасы жылуу деп айтууга жакындабайт эле. Жаратылыш газы, Нарын дарыясынын жана башка Кыргыз жеринен коңшу өлкөнү көздөй аккан сууну пайдалануу, суу сактагычтар, такталып бүтө элек чек арадагы тилкелерде маал-маалы менен орун алган чыр-чатактар, чек араны жаап салуу, санай берсе, кыргыз-өзбек арасындагы чечилиши керек болгон маселелер ондоп-жүздөп саналат. Шавкат Мирзийоев президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы жолу кабыл алган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев болду. Дипломатияда мындай окуяга маани беришет. Өзбек башчысы кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртуу керектигин айтып жатып: “Эки жак тең көпкө ушуну күткөн”, - деди. Аны колдогон Алмазбек Атамбаев: “Көз карандысыздык үчүн күрөштүн убагы бүттү, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөр менен маанисиз тоскоолдуктарды алуу керек”, - деп улантты. Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүдө күн тартибинде турган бардык маселелер талкууланды. Чек ара маселелерин бир айдан кийин чечүүгө убадалашып, эки президент өкмөткө январдын орто ченине дейре бардык маселелерди иштеп чыгууга тапшырма беришкенин айтат Сапар Исаков.

Ушул жылдын март айында, кийинчерээк август айында кыргыз-өзбек чек арасында маселелер чыгып, абал эки тараптын такталбаган аймактарга блокпост коюп, жөнөкөй жарандарды “аймакта мыйзамсыз жүрөт” деген шылтоо менен барымтага алып, бир аймакта жаралган маселени чечүүгө экинчи аймакты пайдалануусуна чейин жеткен. Мындай абалда элдин нааразычылыгын кайсы бир күчтөр өз кызыкчылыгында пайдаланып, көкүтүү менен эки элдин арасында жаңжал чыгарып жиберүүсү толук мүмкүн эле. Мына ошондой курч кырдаалдан бүгүнкүдөй жылуу мамилеге кайтуу бардык учурда эле мүмкүн болчу иш эмес. Кыргыз-өзбек мамилесинин жакшыруусун быйылкы жылга карата тышкы саясатта жасалган жакшы кадам катары кабыл алууга болот. Маселелердин чечилишин эки өлкөдө жашаган, бири-бирине каттаган, соода-катыш кылган миңдеген жарандар да чыдамсыздык менен күтүп турушат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан