Кытайдын тургуну сүйүктүүсүнүн колун сураш үчүн соя сүтү бар көптөгөн бөтөлкөдөн турган жүрөкчө жасаган. Аны жасоого миңден ашуун бөтөлкө керектелген.
Чет элдик басылмалар кабарлагандай, кытайлык жигит жүрөкчө жасап бүткөн соң сүйгөн кызын чакырып, анын колун сураган. Жүрөкчөнүн айланасына топтошкон эл окуяны телефондоруна тартып, кыздын "ооба" деген жообуна күбө болушкан. Түгөйлөр сүрөткө түшкөн соң, топтолгондор бөтөлкөлөрдү талап кетишкен.