ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ноокат районундагы Көк-Жар айылында көпүрөнүн курулушу бүтпөй, кырсыктар көп болуп жатканын айтууда

Ноокат районундагы Көк-Жар айылында көпүрөнүн курулушу бүтпөй, кырсыктар көп болууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн ортосундагы көпүрө 2 жылдан бери оңдолуп бүтпөй келет. Ушул себептен айланып өтмө жолго унаалар батпай, оор жүк ташуучу унаалардын бири оодарылып кетти", - дейт окурман.

Анын айтымында, кырсык кечээ, 28-декабрда болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ноокатта көпүрө бүтпөй, жол кырсыктар көп болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
meerimma84
2016-12-29 14:24:17
Копурону ондобой жаныдан башка жол ачып койушкан, ушу жаны жылда биздин бардык чондордун курсактары жарыл[moderated]. Бир мекенди ойлогон элжерин ойлогон кыргыз эркеги жок. Жеп олсокен ушулар. Ушунчалык капа болуп кетесин.
+2
suyor
2016-12-29 14:33:02
Ондолбой жаткандын себеби бар, жаныдагы кошумча (убактылуу) копуроо арендада турат экен, бир чондуку ал да, жонокой адамда андай копуроо болушуда мумкун эмес, ошол арендадан тушкон акчадан кур калбайын деп ондолбой турат, убактылуу копуроо канча коп турса ошончо коп акча тушот, (жеке адамга)
+3
jany-aryk
2016-12-29 15:09:22
Ушул жолдогу копурону ондоп коюшса жакшы болот эле
+3
Zubi.zubi
2016-12-29 15:14:13
Men kordum probkada tyryp kaldik.adamdar aman kaliptyr en negyzgysy.janindagy eski koporo okwoit owonu achyshyp noomot mn otup jatty mawinalar
+1
KGstan1981
2016-12-29 16:22:30
Ал копуро Ош-Кызыл-Кыя-Баткен трассасында жайлашкан.Машинелер коп каттайт.Дуйнолук Кочмондор Оюннуна милиардтаган акча кетти андан коро копуролорду ондобойбу
+2
urmat.kg87
2016-12-29 18:46:21
Ал копуро Ош-Кадамжай автожолу реконструкция болмоюнча ондолбойтго чамасы, арендага турат дегени болбогон кеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан