Кадамжайда жаңы жылдык балатыны талкалап кеткендер изделип жатканын бүгүн, 29-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-декабрь түнү болгон. Анда белгисиз адамдар Кадамжай шаарына коюлган балатыны талкалап кетишкен. Ошондой эле Маданият үйүнүн да терезелеринин айнектери сынган. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Ал эми кылмыш ишин козгоо жагы каралууда.