Бишкектеги Айни көчөсү менен Ч.Айтматов кең көчөсүнүн кесилишиндеги "Народный" дүкөнүнүн жетекчиси кардарларды кыргыз тилинде тейлегени үчүн кызматкерин иштен бошотконун окурман бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кассада отурган кыз саат 16:00 чамасында кардарды кыргыз тилинде тейлегени үчүн жумуштан алынды. Кардар башкы кеңсеге чалып даттанган, мындан улам кызматкерге сөгүш берилбестен, жумушунан алынды. Кыргыз тили качан баркталат?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.