Стамбулда Санта Клаустун костюмун кийгендер түнкү клубга кол салып, 35 адам каза болгону айтылууда

Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна Санта Клаустун костюмун кийген 3 адам Калашников автоматтары менен кирип, ок чыгарган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар бүгүн, 1-январда жазып чыгышты.

Окуя болгон маалда түнкү клубда 700-800 адам бар болгону маалымдалат. Жыйынтыгында 35 адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Ошондой эле ал белгисиз адамдар азыркыга чейин түнкү клубда экени, алар араб тилинде сүйлөшөрүн жазышкан басылмалар. Маалыматка ылайык, имаратты полиция кызматкерлери курчоого алып, "Тез жардам" кызматы да окуя болгон жерге келген.

Ал эми айрым маалымат булактары Стамбулдун губернатору Васип Шахинге шилтеме берип, кол салган адам бирөө экенин, ал бир офицерди жана бир жөнөкөй тургунду атып, клубга качып кирип, ал жактан ок чыгарганын жазышууда.

Клубдун директору Мехмет Коджарсландын "Hurriyet" басылмасына берген маегинде бул теракт тууралуу ага АКШнын жашыруун кызматы билдирген.

"Америкалык чалгынчылар теракт тууралуу эскертишкен. 7-8 күн бою коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткан. Мына болору болду", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yakutiya-Mirnyi
2017-01-01 11:33:09
Щас начнут писать.ой мына жаны жыл майрамдагандын кесепети деп.мусулманчылыкта жок.жакшы болуптур деп.не связывайте это с религией и праздником.
-18
lazygirl
2017-01-01 12:56:03
Ойлодум эле..
-8
mikoo
2017-01-01 13:14:32
Жаман болуптур.. Эми Кыргызстанда тынчтык эле болсо экен эч кандай жарылуулар болбой.
+9
anyuta
2017-01-01 18:16:14
39 каза болгон 65 жаралуу. Салдыруу бир санта клаус костюм кийген терорист деген маалымат берип жатышат баштан бери
0
alooke
2017-01-01 20:44:01
Окунучтуусу - ушул окуяда да айрымдар "ырас болот, каапырлардын майрамын майрамдаса ушуну корушмок" деп табалап отурушат. Алар арабызда эле.
+1
yakutiya-Mirnyi
2017-01-01 21:13:31
alooke,ушуну айткам мен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан