31-декабрда Москва шаарында атактуу мушкер, эрежесиз эр мушташ боюнча күчүн сынап жүргөн Расул Мирзаевге кол салуу болду. 3 белгисиз адам мушкерди сабап, ага карата трамватикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Мушкер ооруканага жеткирилип, ага операция жасалды. Учурда абалы канааттандырарлык экени маалым болду. Полиция учурда из жашырган кылмышкерлерди издеп жатат.
Кошумчалай кетсек, Р.Мирзаев 2011-жылы Москвадагы түнкү клубдардын биринде Иван Агафонов аттуу студентке сокку узаткан. Анын бул кадамга баруусуна ортодо чыккан чыр себеп болгон. Студент ооруканада көз жумуп, мушкерге каршы кылмыш иши козголгон. 2012-жылы мушкер сот залынан бошотулган, себеби сот тарабынан ага берилген мөөнөт Мирзаевдин тергөө бөлүмүндө жаткан убактысы менен чегерилген.