Бишкек мэрин шайлоо: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Албек Ибраимовго атаандаш болот

Нурдин АбдылдаевБишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу Абдылдаев өзү SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, мэрди шайлоодо ал шаардык кеңештин депутаттарына фракциянын программасын сунуштайт. "Мен шаарда төрөлүп-өскөм, борбор калаанын бардык маселелерин жакшы билем. Шаарды өнүктүрүү боюнча менин көз караштарым бар", - деди Абдылдаев.

Албек ИбраимовАйта кетсек, КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-январында өтөт.

Нурдин Абдылдаев 1965-жылы 2-декабрда туулган. Ал 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, 2011-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору, мамлекеттик мүлк министринин орун басары, 2013-2014-жылдары өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан