Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур айылына 1 жылдан бери электр кызматкерлери келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирген.
"Биздин айыл Сарай өрөөнү деп аталат. 60ка жакын кожолук эл жашайт. Электр кызматкерлери 1 жылдан бери келе элек. Буга чейин мурдагы жетекчиси бат-баттан келип, эл менен жолугуп турчу. Аны жумуштан алды деп уктук. Андан бери бир дагы текшерүүчү келип, канча көлөмдө электр жарыгын иштеткенибизди текшерип дүмүрчөк кагаздарын берише элек. Эми бир күнү бир жылдык эсепти көтөрүп келишсе, кантип төлөйбүз? Убагында алып келишсе, төлөп турсак оңой болмок да. Мындан сырткары өз убагында төлөнгөн эмес деп айып салышсачы?" - деген суроо салды окурман.
Ошондой эле окурман: "Мамлекеттен эмгек акы алган Электр тармактары ишканасынын башчысы өлкөнүн казынасына кантип салым кошуп жатканын билбейм. Эл акчаларын каякка төгөрүн билбейт", - деп кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.