Акыркы эки күндө Европада сууктан 20 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында мигранттар жана үй-жайсыз адамдар да бар. Европанын кээ бир өлкөлөрүндө абанын температурасы -26га чейин жетүүдө. Польшада 10, Италияда 7 жана Болгарияда 3 адам катуу суукка тоңуп өлгөн. Ал эми Стамбулда кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетип калды. Москвада болсо 7-январь түнү термометрдин көрсөткүчү -36га чейин түштү. Метеорологдор мындай суук 120 жыл мурун катталганын айтышууда.