Чүй облусундагы Москва районунун Беловодское айылында эки дос уруша кетип, биринчиси экинчисине 9 жолу бычак сайган, натыйжада жаракат алган 17 жаштагы өспүрүм каза болгон. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 7-январда саат 23:30дарда Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын тургуну Л.В. кайрылып, ошол эле күнү саат 19:30дарда С.Н. аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен бойдон келбегенин айткан.
"Ыкчам издөө иштеринин алкагында кызматкерлер тарабынан С.Н. аттуу тургундун жансыз денеси саздан табылган. Анын аркасына 6, төш жагына 3 жолу бычак сайылган. Кылмышка шектүү деп ошол эле айылдын 17 жаштагы С.В. аттуу өлтүрүлгөн баланын досу кармалган. Шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, С.Н. өлтүрүлгөн бычак, анын уюлдук телефону, ашканадагы таштандылардын арасынан сим-картасы табылган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле алар Кристина аттуу кызга ашык болушкандыктан, пикир келишпестик жаралып, кылмышка шектүү кызганычтан улам досуна кол салганы белгилүү болгон. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.