Кытайдын түштүк-батышындагы Хуншуйхэ дарыясында дүйнөдөгү эң узун, сууда калкып турган жол салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жолдун узундугу 50 чакырымды түзүп, аны айланып чыгуу үчүн бир нече саат керектелет. Бул өзгөчө жол "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун калкып туруучу жалгыз аяк жол катары катталган. Аталган жол ушул жылдын 1-январында ачылып, алгачкы жумада эле 60 миңден ашуун туристтердин келгени маалымдалат.
Ошондой эле калкып турган жолдун боюнда 200дөн ашуун түрдүү объектилер жайгашып, ал жай түнкүсүн жарыктандырылып турат.